Бишкекте жүк түшүрүлүп жаткан унаадан барсетка уурдалган (видео)

Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-сентябрда милицияга жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 17:50 чамасында Махатма Ганди көчөсүндө унаадан акча уурдаган жаранга чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, айдоочу унаадан жүк түшүрүп жаткан учурда унаадагы барсетканы уурдап кеткен. Анын ичинде 300 доллар жана Айфон 12 про Макс үлгүсүндөгү телефон болгон.

Кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган жаран кармалды.