Бишкекте жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды

Бишкекте жаранды сүзүп, качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

17-октябрда саат 06:50 чамасында Лев Толстой менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу 1981-жылы туулган жаранды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жаран ооруканада көз жумган.

Кылмышка шектүү катары Toyota Camry унаасынын 1980-жылы туулган айдоочусу кармалды. Ал кылмыш болгон жерден унаасынын сыныктарын чогултуп алып, из жашырган. Унаа Бишкектеги гараждан табылды. Сынган жеринин баары оңдолгон, бир гана сынган алдыңкы айнеги калган. Унаа айып короого киргизилип, айдоочу милицияга жеткирилген.

Республикалык наркология борборунда канында алкоголдун бар-жоктугун текшерүү учурунда унаанын айдоочусу баңгизат, психотроптук жана башка мас кылуучу заттарды колдонгону аныкталды.