Бүгүн, 16-февралда Бишкек шаарынын 7-апрель жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз коомдук транспорттун айдоочусу жүргүнчүнү сабаган. Жабырлануучу Октябрь РИИБге арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Кармалган шектүү 1984-жылы туулган О.Б. аттуу жаран Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кармалган жаран Бишкек шаарынын аймагында ушул сыяктуу бир нече кылмыштарды жасагандыгы аныкталды.