Бишкекте кафе өрттөнүп жатат

Бишкектин Каралаев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде кафе күйүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча өрт электрощит күйүп кеткенинен улам чыккан. Өрттү өчүрүүгө 2 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.