Бишкек шаарында Тоголок Молдо менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден чыккан өрт өчүрүлдү. Өрт саат 08:57 чектөөгө алынып, саат 11:01де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылды. Өрттүн жалпы аянты 350 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.