Бишкекте кафелердин бириндеги чыр милиция кызматкерлери менен мушташууга айланды

1-январь күнү саат 6:00 чамасында Бишкекте кафелердин бириндеги чыр милиция кызматкерлери менен мушташууга айланды. Бул тууралуу Чүй ОИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Лебединовка айылында жайгашкан «Империя пиццы» кафесиндеги бейбаштык фактысы боюнча милицияга чалуу түшкөн. Ал жерге барган милиция кызматкерлери белгисиз адамдар менен мушташып жаткан жаш жигиттерди тынчтандырууга аракет кылышкан. «Ачууга алдырган жаш жигиттер милиция кызматкерлерине баш ийбей, жаңжалды ырбатып, кийин милиция кызматкерлерине кол салып, формалык кийимин жыртып салышкан. Аларды милиция бөлүмүнө жеткирүү учурунда жолдо Хонда Одиссей үлгүсүндөгү кызматтык унаанын терезесин сындырышкан. Милиция бөлүмүнүн имаратына жеткен соң, нөөмөт бөлүмүнүн терезесин да талкалашкан», — деп жазылат маалыматта.

Милиция бөлүмүнө 1995-жылы туулган эки жаран, андан тышкары 1997-жылы, 1998-жылы туулган дагы эки жаран жеткирилген. Аларга карата бир канча беренелер боюнча айыптар тагылды. Адегенде тергөө изоляторуна киргизилип, кечээ, 2-январда Аламүдүн райондук соттун чечими менен бошотулду. Тергөө иштери уланып жатат.