Бишкекте кафенин алдында сабалган жаран милицияга кайрылды (видео)

Бишкекте бейбаштыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

4-сентябрь күнү Биринчи Май РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Анда Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде жогоруда ошол эле күнү түнкү саат 4:00 чамасында аны сабап, денесине залал келтиришкенин билдирген. Андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкен. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-(бейбаштык) беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган М.Б., 1994-жылы туулган Т.у.М., жана 1994-жылы туулган Н.у.Н. кармалып, камакка алынды.