Бишкекте кайгуул кызматкерин унаа сүзүп кеткен кырсыктын чоо-жайы

Кечээ, 13-октябрда Бишкекте саммит учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан кайгуул кызматкерин жеңил унаа сүзүп кетти.

Кырсык саат 20:00 чамасында катталып, анда Audi-80 автоунаасынын 51 жаштагы айдоочусу жол кыймылын жөнгө салып турган кайгуул кызматкерин сүзүп кеткени маалымдалды. Унаа айып короого токтотулган соң тийиштүү экспертизалар дайындалган. Азыр тергөө иштери жүрүүдө.

Кайгуул кызматкери жабыркаганына карабай кесиптештери келип, аны алмаштырганга чейин кызматтык милдетин аткарып турган. Ал тизесинен жана оң жамбашынан жаракат алып, амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.