Бишкекте КамАЗдын поезддин алдында калышы. Жабыркагандар болгон эмес

Темир жолдун кесилишиндеги кагылышуу боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «Кыргыз Темир жолу» ишканасынан маалымат беришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 17-августта саат 16:15 чамасында Бишкек-1 станциясы менен Мурманск көчөсүнө жакын жайгашкан №49 туташтыруучу темир жол өтмөгүндө поезд менен көмүр ташыган чиркегичи бар КамАЗ жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн. «Кыргыз темир жолу» ишканасынын комиссиясы жеринде КамАЗдын айдоочусу жол белгилеринин талаптарын эске албай, жакындап келе жаткан поездге карабастан, темир жолго чыгып кеткендигин аныктаган. Натыйжада ошол темир жол менен бара жаткан маневрдик поезд КамАЗ менен кагылышып, жүк ташуучу унаа капталына оодарылып кеткен.

Кагылышуудан жабыркагандар болгон эмес. “Бишкек-1” темир жол станциясынын администрациясы жол кыймылынын бардык жарандарга жана айдоочуларга темир жол өтмөктөрүнөн өтүүдө коопсуздук эрежелерин так сактоо зарылдыгын эскертет.