Бишкекте кампа өрттөндү (видео)

Кечээ, 23-июлда Бишкек шаарындагы кампадан чыккан ири өрт саат 21:24тө чектөөгө алынып, 23:49 толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттери менен кампадагы буюмдар сакталып калган. Бирок тилсиз жоо кучагына алган аймак 700 чарчы метрди түздү.

Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө ӨКМдин 3 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеби, штаб жана автошаты тартылган. Мындан тышкары, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 2 офицер, ошондой эле Бишкек мэриясынын 5 суу ташуучу унаа, РЭТтен 1 бригада жана ИИМ кызматкерлери жеринде иштеди.