Бишкекте кампа өрттөнүп жатат (видео)

Бишкектеги кампалардын биринен чыккан өрт саат 15:19да чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Учурда тилсиз жоону толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 500 чарчы метрди түзөт.

Өрттү өчүрүүгө саат 14:24тө Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1, Свердлов райондук №3 ӨКБдан 2, жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.