Бишкекте кампада дөңгөлөктөрдөн чыккан өрт чектөөгө алынды (видео)

Бишкек шаарынын Свердлов районунда дөңгөлөктөрдөн өрт чыккан. ӨКМден өрт чектөөгө алынганын билдиришти.

«5 күжүрмөн эсеп, штаб жеринде иштеп жатышат. Мындан тышкары, жерине ИИМден 40 кызматкер, РЭТтен 1 бригада тартылган. Ошондой эле учурда өрт өчүрүүчүлөргө Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун адистери да жеринде иштешүүдө. Буга кошумча Бишкек шаардык суу чарба кызматынан суу ташуучу 2 унаасы иштеп жатат. Маалыматка ылайык кабат-кабат жыйылган дөңгөлөктөрдөн чыккан тилсиз жоо саат 16:02де чектөөгө алынды. Учурда өчүрүү иштери жүрүүдө», — дешти.