Бишкекте кампадан өрт чыгып, курчоого алынды (фото)

Бүгүн, 22-июнь күнү Көлмө конушунда жайгашкан кампадан өрт чыгып, курчоого алынды. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.

«Алдын ала маалымат боюнча Биринчи Май районуна караштуу Көлмө конушунун Жаз көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Штаб, ККББдан ыкчам топ тартылды. Өрт саат 08:08 чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иш чаралары уланууда. Кошумча маалымат берилет», — деп жазылат маалыматта.