Бишкекте кампалардын биринен өрт чыкты

Бишкек шаарынын Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыкты. Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга тарады.

“Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан камапалардын биринен өрт чыгып, билдирүү түшкү саат 4кө жакын келип түшкөн. Өрт катталган жерге 3 бөлүм жөнөтүлүп, жалын жарым саатка жетпей чектөөгө алынды. Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда”, — дешти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.