Бишкекте каналга түшүп, агып кеткен 15 жаштагы өспүрүм табыла элек

Кечээ, 29-августта Чоң Чүй каналынан 15 жаштагы жаранды издөөгө ӨКМдин 5 куткаруучусу, Талас шаардык №17 ӨКБдан 5 куткаруучу жалпы 10 куткаруучу 2 кайык менен чыгышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жыйынтык болгон эмес. Издөө иштери бүгүн да уланат.

Буга чейин социалдык тармакта 15 жаштагы өспүрүмдүн жакындарынын кайрылуусу жарыяланган. Алардын айтымында, өспүрүм 23-августта Көк-Жар айлындагы каналга түшүп агып кеткен. «Ошол боюнча дайынсыз болуп жатат. Бул канал Чоң Чүй каналына кошулат экен. Эл агып бара жатканын көрүптүр», — деген тууганы.