Бишкекте каракчылыкка шектелген 3 жигит кармалды

Бишкекте каракчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 26-сентябрга караган түнү 3-кичи райондогу түнкү клубдун жанында болгон. Бейтааныш адамдар Бишкек шаарынын тургунунан 12 миң сомдук саатын жана күрмөсүн күч менен тартып алышкан. Бул факты Жазык кодексинин 201-беренеси (каракчылык) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1996, 1995-жылы туулган 3 жаранды кармады. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.