Ысык-Ата РИИБ табынан кылмышкы шектелип кармалган жаран Бишкектеги СИЗО-1дин кире беришинен качып кеткен. Бул тууралуу Kaktus.media жазып чыкты.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан СИЗО-1ге киргизилип жаткан жаран белгисиз тарапка качкан. Мындан улам, борбор калаада жана Чүй облусунда «Перехват» планы жарыяланды.
Маалымат боюнча Чүй ОИИБ азырынча маалымат бере элек.