Бишкекте катталган ири өрт чектөөгө алынды

Бишкек шаарынын Ленин районунун Лазурный көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 7 бөлүм тартылып, жеринде жалпы 5 бөлүм иштеди жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, 1 штаб тартылган.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык жашылдандыруу ишканасынан 1 суу унаасы, Саламаттык сактоодон «Тез жардам» кызматы, Бишкек электр тармагынан электриктер иш алып барган.