Бишкекте катуу шамалдан 30 бак кулады

Кечээ, 9-август күнү катталган катуу шамал Бишкекте көп кабаттуу 4 турак үйдүн чатырын учурган. Жалпы 30 бак кулаган. 4 унаа зыян тартып, ошондой эле 1 турак жайдын, 1 чайхананын чатырын учурган.
Бактыга жараша адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес жана жабыркагандар жок.
ӨКМ Бишкек жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал боло тургандыгы тууралуу шашылыш билдирүү тараткан. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 9-августта саат 17:49дан 19:00гө (1 саат 11 мүнөт ичинде) чейин Чүй облусунун Аламүдүн районунда жана Бишкек шаарында түштүктөн соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 26 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана Жарандык коргонуу кызматтары тактоо иштерин жүргүзүүдө. Ал эми кулаган бак-дарактар Бишкек Жашылдандыруу кызматы тарабынан тазаланууда.