Бишкекте каза болгон 3 балалуу келин. «Ал өз өмүрүнө кол салмак эмес» дейт бир тууганы

Бишкекте жаш келин асынган абалда табылган. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден тастыкташты.

Милициянын маалыматына караганда, 29-сентябрь күнү саат 19:58 чамасында милицияга Чокморов көчөсүндөгү үйдө келиндин асынып алганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция каза болгон келиндин 1997-жылы туулганын аныктап, денесине кароо жүргүзгөн учурда тактар байкалган эмес. Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталган. «Учурда керек болгон бардык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен чечим чыгарылат», — дешти.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине 26 жаштагы келиндин бир тууганы кайрылып, келиндин артында 3 баласы калганын айтып, «ал өзүн асмак эмес» деди.

«1997-жылы төрөлгөн. Күйөөгө тийип, 3 балалуу болду. Турмушка чыккандан баштап, ур-токмок жеп келди. 29-сентябрь күнү каза болду. Бирок өзүн өзү асты дешти. Биз бир туугандары ишене албай турабыз. Буга чейин жолдошу биздин сиңдибизди уруп келген. Моралдык жана физикалык жактан кысымга алып келген. Ал бир эмес, көп жолу жолдошунан кетип-келип жатты. Жолдошун оңолот деп жүрүп, ушундай болду. Биз чындыкты талап кылабыз. Окуя болгон күнү үйүндө 2 баласы бар болчу, 6 айлык кызы жана 3 жаштагы баласы. 6 айлык кызы эмчекте болчу. Кантип ошол кызын таштап, өзү өлүп алат эле», — деди сыздаган бир тууганы.