Бишкекте каза болгон улакчы. Оюнчу камакта калтырылып, калыс үй камагына чыкты

12-мартта Бишкектин четиндеги көк бөрү оюнунда улакчы каза болгон. Анын өлүмүнөн кийин оюнчу менен калыс кармалган. Ленин райондук сотунан алардын бөгөт чарасы каралганын билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган оюнчу 12-майга чейин камакка алынып, калыс үй камагына чыгарылды.