Бишкекте каза болгон улакчы. Оюнчу менен калыс кармалды

Кечээ, 12-мартта Бишкектин четиндеги көк бөрү оюнунда улакчы каза болгон. Кырсык боюнча Ленин РИИБден маалымат беришип, 1980-жылы туулган оюнчу каза болгонун билдирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Экспертизалар дайындалган. Шектүү катары 1996-жылы туулган оюнчу менен 1983-жылы туулган калыс кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.