7-июлунда жаран Instagram социалдык тармак аркылуу казак улутундагы аялдарга карата уятсыз сөздөр менен кайрылган видеоматериал жарыялап, анда улуттар аралык маселелер көтөрүлүп, жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген, улуттар аралык негизде кемсинткен сөздөр камтылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш Жаза кодексинин 330-беренесине (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык кылмыш иши козголуп, комплекстик лингвистикалык жана дин таануу экспертизасы дайындалган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында 1987- жылы туулган жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен Бишкек шаарынын №1 Тергөө абагына бир айга камака алынды.