Бишкекте кечээ 11-кабаттан кулаган 5 жаштагы бала бүгүн чарчап калды

Кечээ, 28-июнда болжол менен саат 20:15те Бишкек ШИИБдин «102» кызматына шаардык балдардын клиникалык ооруканасынан 2016-жылы туулган бейтап тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, бала баш мээси чайкалып, ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Аталган ооруканага милиция кызматкерлери барганда, кичинекей баланын Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 11-кабатынан кулап кеткени маалым болгон. Ал эми бүгүн, 29-июнда саат 10:45 чамасында алган жаракаттарынан улам бала жандандыруу бөлүмүнөн чарчап калды. Факты РИИБге катталып, экспертиза дайындалган.