Бишкекте кечээги шамалдын кесепетинен 12 бак кулаган

Кечээ, 8-июнда шамалдын кесепетинен 12 бак кулап, 20 бутак сынган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Катуу болгон шамалдан улам үч адам жабыркап, эки унааны бак басып калган.

Эркиндик бульварында дарактын бутагы жүрүп бара жаткан Тойота Камри үлгүсүндөгү унаага кулап, алдыңкы айнегин талкалап кеткен. Киев көчөсүндө жайгашкан «Бишкек парк» соода борборунун маңдайында жарнама тактасы кулап калган. Аны жарнак тактасынын ээси демонтаж кылды. Ошондой эле, Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жарнак тактасындагы баннер айрылган.

Турусбеков көчөсүндө 60 жаштагы аялдын үстүнө чатыр кулап, аял баш мээси чайкалып, ооруканага түшкөн. Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде «Шоро» суусундуктарын сатуу учурунда бак кулап, 38 жаштагы сатуучу аял жана 28 жаштагы кардары жабыркады. Эки аялга тең медициналык жардам көрсөтүлүп, алар ооруканага жатуудан баш тартышты. Чүй проспектисиндеги Ак Үйдүн жанына бир бак кулап, эч ким жабыркаган жок. №49 орто мектепте шыйпыры учурулган.

“Урматтуу жарандар! Автоунааларыңызды бактын түбүнө койбоңуз жана катуу шамал болгондо этият болуңуз. Эгерде сиз бактардын же башка нерселердин кулагандыгына күбө болсоңуз, анда 1840, 1850 номурларына кайрылыңыз. Бишкек мэриясынын WhatsApp каналы сүрөт жана видео үчүн иштеп жатат: 0554182185”, — деп билдиришти мэриянын басма сөз кызматынан.