Бишкекте кеңседен акча жана көзөмөл камераны уурдоого шектүү кармалды

Биринчи май РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

15-март күнү милицияга жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган, Себеби алар көрсөтүлгөн күнү саат 00:50 чамасында Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан кеңсеге эшикти сындырып кирип, кассадан 7 миң 600 сом өлчөмүндөгү акча каражатын жана баасы 4 миң 792 сомду түзгөн байкоочу камераны уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (уурдоо) каралган негиздер менен кылмыш иши козголду.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө милиция кызматкерлери тарабынан 2001-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды.