Бишкекте “Киборг” кармалды. Окуянын чоо-жайы

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Киборг” каймана аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун жүрүшүндө, мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү «Киборг» каймана аты бар жаран мыйзамсыз иштер менен алектенген Көлбаев менен жана «Сапа» каймана аттуу Балыкчы шаарынын “смотрящийи” менен тыгыз байланышта болгондугу тууралуу маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, ал «уурулардын казынасын» толтуруу жана жеке баюу максатында, тапанча колдонуп, опузалап акча талап кылган жана мыйзамсыз түрдө олуттуу финансылык каражаттарды жана кыймылдуу мүлктөрдү ээлеп алгандыгы аныкталган. Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 4-сентябрда Бишкек шаарынын аймагында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда ал кармалып, анын жанынан Макаров системасынын травматикалык тапанчасы табылып алынган.

Учурда шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.