Бишкекте кичи автобуста 550 доллар менен 10 миң сом уурдагандар ошол жерде кармалган

Бишкекте бир катар чөнтөк уурулук фактысына шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

15-ноябрда милицияга жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда аталган күнү Чүй проспектиси менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобуста бара жатып, баштыгынан 550 доллар жана 10 миң сом акча салынган капчыгын уурдап кеткенин билдирген. Кылмышкерлер качып кетүүгө аракет кылып жаткан маалда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Ошол эле күнү кичи автобустун ичинде баштыгынан 20 миң сомдук Redmi10C үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап, андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен. Аталган фактылардын негизинде кылмыш иштери козголгон. Кылмыштарды жасоого шектелип мурда бир нече жолу соттолгон 3 жаран аныкталып, кармалды.