Бишкекте кичи автобуста жаран 13 миң сому бар капчыгын алдыртып жиберген

Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

13-ноябрда Октябрь РИИБге жаран кайрылып, ошол эле күнү кичи автобуста анын капчыгын уурдап кеткенин, ичинде 12 миң 985 сом болгонун билдирген.

Кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган жаран кармалган. Соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылган.