Бишкекте кичи автобустун эшигин ачкан жаран велосипедчен кишини кулаткан. Айдоочу табылды (видео)

Кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тарабынан жол кырсыгынан кийин кетип калган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кечээ, 15-июнда Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Анда велосипед менен бара жаткан жаранды бир багытта бара жаткан №132 маршруттук унаанын айдоочусу туура эмес жерден жүргүнчүлөрдү түшүрүп, жол кырсыгына себепкер болгон. Айдоочу окуя болгон жерден кетип калган.

Бул боюнча велосипед айдаган жаран кайгуул кызматына арыз менен кайрылган. Жазылган арыздын негизинде жол кырсыгына себепкер болгон №132 маршруттук унаанын 1983-жылы туулган айдоочусун таап, Тергөө кызматына өткөрүп бергди. Азыркы учурда маршруттук унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.