Бишкекте кичинекей кызды жер төлөгө алып барган шектүү кармалды

Бишкекте эркек киши кичинекей кызды жер төлөгө алып барган окуя боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

Шектүү катары 1972-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө учурунда кармалган жаран уурулукка тиешеси бар деп шектелгени да аныкталган. Бул маалымат бир катар тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында алынган.

Учурда бул иш боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүрүп, окуянын бардык жагдайларын аныкталып жатат.