Бишкекте кийим тигүүчү цехтен өрт чыкты

Бүгүн, 6-декабрда Бишкек шаарынын Келечек конушунда жайгашкан кийим тигүүчү цехтен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө жалпы ӨКМден 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Ал эми тилсиз жоо кучагына алган аянт болжол менен 250 чарчы метрди түздү. Өрт саат 10:22де өчүрүлдү.