Бишкекте киши колдуу болгон аялдын апасы: «Кызым коркунуч менен жашап келген экен»

Бишкекте тапанчадан чыккан октон улам каза болгон 48 жаштагы Жибек Урустемова КЭУнун мугалими болгон. 23-декабрь анын туулган күнү болчу. Маркумдун апасы “Кызымды анын мурдагы жолдошу менин көз алдымда чыкыйына атты. Жаркыраган кызымды жоготуп, кан жутуп турам” дейт.

Бул факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.

Урустемованын артында 3 баласы калды. SEREPTV телеканалы маркумдун каза болгонуна байланыштуу жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.

«Кызымдын жүрөгүнүн үшүн алып бүткөн экен. Кызым баарын ичине сактачу экен. Эч нерсе билгизген эмес», — деди апасы.

«Акыркы жолу Балыкчыга барганда тойдо элдин көзүнчө тээптир. Эжем ошонусун айтып берип, «бул акыркы тамчы болду, ошондон кийин ажырашам деген чечим чыгардым» деди. Экөө Караколдо таанышкан. Эжемдин жүрөгүн биринчи турмушундагы бала менен багындырган. Эжемдин баласына аябай жакшы мамиле кылчу экен», — деди сиңдиси.