Бишкекте киши колдуу болгон аялдын уулу окуя болгон күндү айтып берди

Бишкекте тапанчадан чыккан октон улам каза болгон 48 жаштагы Жибек Урустемова КЭУнун мугалими болгон. 23-декабрь анын туулган күнү болчу. Маркумдун апасы “Кызымды анын мурдагы жолдошу менин көз алдымда чыкыйына атты. Жаркыраган кызымды жоготуп, кан жутуп турам” дейт.

Бул факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.

Урустемованын артында 3 баласы калды. SEREPTV телеканалы маркумдун каза болгонуна байланыштуу жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.

«Бул киши менин жашоомо 8 жашымда кирди. Апам мени жалгыз тарбиялап келген. 2 жыл өткөндөн кийин мени өгөйлөй баштады. Башынан эле апама кол көтөрчү. Мен да, инилерим да көргөнбүз. Коркутчу. Мени Ысык-Көлгө окууга жөнөтүп жиберген учурда бычак менен үйдө кубалаган экен. Аны инилерим көрүптүр. Мен 9га чыкканда эле апам ажырашам деп жүрдү. Бирок ал манипулятор болчу. Ишенип, элдешип алышкан. 

23-декабрь апамдын туулган күнү болчу. Ошол күнү ажырашуу боюнча биринчи соттук отурум болду. Ал жерге апам менен таенем барган. Отурум бүткөндөн кийин жумушуна бардым. Апам КЭУда иштечү. Мен да ошол жерде окуйм. Экөөбүз сүйлөштүк. Апам «ажырашпайм, оңолдум деп ызы-чуу кылды» деп айтып берди. Коркутуулар болуптур. Саат 14:00дөрдө апам мага «иниңди окуудан алып кел» деди. Мен 15:30дарда мектепке такси менен бардым. Барсам апам чалып, «мектепке кирбей эле кой, атаң күтүп жатыптыр» деди. Макул деп кайра университетке бардым. 18:30дарда чыктык. Апам студенттер берген гүл менен тортун көтөрүп алган. Саат 18:40та Ибраимов менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишине келдик. Апам экөөбүз унаада болчубуз. «Сыртка чыгып турчу, атаң көрсө мындан да жаман болот» деди. Мен анын чөнтөгүндө травматикалык тапанча бар экенин байкадым. Айланчыктап карап жаттым. Экөө бир нерселерди талашып жатышты. Ошол учурда мектептен алып кеткен инимди эстеп, ошол көчөдө жайгашкан үйдөн алып чыгайын деп кирип кеттим. Алып чыктым. Апам экөөбүз сүйлөшкөн жерге келдим. Апам унаасы менен жок экен. Мен эмне кыларымды билбей калдым. Саат 19:00дөн баштап туугандардын баарына чалып баштадым. 19:40та баары келишти. Мен ага чейин апамдын телефонунда кубаты жок калганын көргөн болчумун. Чалып жаттым, алган жок. Акыркы жолу чалганымда «балам, коркпо, биз жараштык» деп айтты. Үнү корккондой болчу. Менимче жанында коркутуп жаткан болушу мүмкүн эле. 20:00дө милиция дагы эле жок болуп жатты», — деди ал.