Бишкекте кишини бычак менен уруп, андан кийин тебелеп кеткен шектүү кармалды

Соната унаасынын айдоочусу кишини бычак менен уруп, андан кийин тебелеп кеткен. Бул тууралуу жабырлануучунун инисимин деген адам айтып, видео жарыялаган.

Окуя Бишкектеги Чекиш-Ата районунда болгон. Окуя боюнча Свердлов РИИБ маалымат таратып, адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 14-майга караган түнү саат 03:00 чамасында болгон. Жабырлануучу 2008-жылы туулган жаран экени аныкталган. Шектүү катары 2007-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.