Бишкекте көчө шыпыруучу унаа сүзүп каза болду. Бул соңку айдагы үчүнчү өлүм

Бишкекте «Тазалык» ишканасынын кызматкери жол кырсыгынан кийин каза болду. Бул тууралуу Патрулдук милициядан бүгүн, 4-январда маалымдашты.

Жол кырсыгы саат 08:15 чамасында ТЭЦ жайгашкан райондо катталган. Тойота Пробокс үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Шабдан баатыр көчөсүн шыпырып жүргөн 1987-жылы туулган жаранды сүзүп алган. Ал кырсыктын кесепетинен ошол жерде каза болгон. 1981-жылы туулган айдоочу милиция бөлүмүнө жеткирилип, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Буга чейин ушул сыяктуу эле эки жол кырсыгы катталганы маалым. 12-декабрда Бишкекте Чыгыш автовокзалына жакын жерде «Тазалыктын» кызматкерин сүзүп кетип, ал ооруканага жетпей жан берген. 18-декабрда «Ала-Тоо» ресторанынын маңдайында көчө шыпыруучуну айдоочу коюп кетип, ал ошол жерде көз жумган.