Бишкекте көчөдө 15 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды

Бишкек шаарынын ИИББнын жана Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан зордуктоого аракет кылууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан маалымдашты.

24-ноябрда К.Г. аттуу жаран милицияга белгисиз адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 8:47 чамасында Жибек-Жолу менен Манас проспектисинин кесилишинде анын 2008- жылы туулган, жашы жете элек жээнине кол салып, зордуктоого аракет кылганы айтылган. Андан соң белгисиз тарапка качып кеткен. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 37,154-беренесине (Зордуктоого аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1981-жылы туулган Д.Ж. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилди. Ал Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ызыркы учурда тергөө иштери уланууда.