Бишкекте көчөдө 15 жаштагы кызды зордуктоо аракети болгон. Шектүү изделип жатат

Бишкекте эркек киши 15 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу анын эжеси социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео менен бөлүштү.

Маалыматка караганда, кол салуу 24-ноябрда саат 8:40та Жибек Жолу менен Манас проспектилеринин кесилишинде болгон. Кыз мектепке бара жатканда ага киши жакындап барып, анын колдорун бурап, бадалдын арасына сүйрөй баштаган.

«Сиңдим каршылык көрсөтүп, жардам сурап кыйкырган, бирок эч ким келген эмес. Аны бадалдын арасына сүйрөп барып, жерге жыгып, аны кармалай баштаган. Ошол маалда көчөдөн адамдар өтүп, алардан коркуп, качып кеткен», — деп жазды.

Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришти. Маалыматка караганда, 24-ноябрда жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 09:53 чамасында Жибек Жолу менен Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек жээнине ыдык көрсөткөн жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган. Учурда шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат.