Кечээ, 8-октябрда социалдык тармактарда Бишкектеги Фрунзе менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши көчөдө кызды сабаган видео тараган.
«Бир нече жолу соккондон кийин кыз жерге жатып калды, бирок эркек уруп-согууну токтоткон жок. Айланадагы адамдар жардам берүүгө аракет кылышты, бирок ал кызды жолдун ары жагында токтоп турган унаага сүйрөп киргизген, унаанын ичинде дагы бир эркек болгон. Андан соң дагы бир нече өтүп бара жаткан адамдар жардамга келген, ошол учурда кыз унаадан качып чыгууга үлгүрдү. Алар бири-бирин тааныйбы же жокпу белгисиз», — деди окуянын күбөсү.
Бул окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришип, факты катталганын, кыз арыз жазуудан баш тартканын билдирди. «Милиция кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаралардын негизинде видеодо көрсөтүлгөн жарандардын аты-жөнү такталган. Алар милиция бөлүмүнө жеткирилген. 2007-жылы туулган кыз арыз жазуудан баш тарткан. 1998-жылы туулган жаранга 126-берене («Майда бейбаштык») боюнча административдик протокол түзүлгөн. Ал Ленин райондук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,- деп айтылат маалыматта.