Бишкекте коңшулардын урушу адам өлүмү менен аяктады

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 22-августта билдирди.

12-август күнү милицияга Мусоргский көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде зомбулук менен өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган. Милиция кызматкерлери тарабынан маркум 1985-жылы туулган В.Э. менен анын кошунасынын ортосунда чыр чыккандыгы аныкталган. Кошунасы анын көкүрөгүнө, колтук тушуна жана далысына бычак сайган. Шектүү катары 1978-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.