Бишкекте коомдук фонддун кураторунун орун басары баңгизат менен кармалды

Бишкекте коомдук фонддун Биринчи Май району боюнча кураторунун орун басары баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бул факты Сокулук РИИБде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен кылмыш иши козголду. Маалыматка ылайык, кызматтын кызматкерлери аталган жаран узак убакыт бою баңги заттарды таратуу менен алектенип келгенин жана Жалал-Абаддын Токтогул районунан Чүй облусуна баңги заттарды ташып келүүнү жөнгө салганын аныкташкан.

Кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган жаран кармалды. Ал коомдук фонддун Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча кураторунун орун басары болуп иштегени такталып, анын чөнтөгүнөн өзгөчө жыты бар зат болгон 2 ширеңке кутусу табылган.