Бишкекте коомдук имарат үчүн аныкталган жер тилкеге көп кабаттуу үй курууга уруксат бергендерге иш козголду

Бишкекте мамкурулуштун директорунун орун басары жана анын кол алдында иштегендер коомдук имарат куруу үчүн аныкталгандыгын жер тилкеге көп кабаттуу үй курууга мыйзамсыз архитектуралык уруксат беришкен. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын прокуратурасы жүргүзүлгөн текшерүүдө “Бишкек башкы архитектуранын” кызматкерлери коммерциялык уюмдарга Чүй, Москва, Тоголок Молдо жана Исанов көчөлөрүндөгү кварталдын курулуш долбоорун мыйзам талаптарын одоно бузуу менен иштеп чыгышкан.

«Мамкурулуштун директорунун орун басары жана анын кол алдында иштеген кызмат адамдары кварталдын курулуш долбоору боюнча Коенкозов көчөсүндөгү 48 жана 48А дарегиндеги жер тилке коомдук имарат куруу үчүн аныкталгандыгына карабастан, «С.С.» ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөп, көп кабаттуу үй курууга мыйзамсыз архитектуралык уруксат беришкен», — деп жазылат маалыматта.