Бишкекте көп кабаттуу үйдө чыккан өрт 3 жашар наристенин өмүрүн алды

Бишкекте көп кабаттуу үйдө өрт чыгып, наристе көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

29-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Чүй көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 17:35те 2 бөлүм жана штаб тартылган. Өрт саат 18:46да толук өчүрүлгөн.

Маалыматка ылайык, батирдин балкону толук өрттөнүп, тилекке каршы тилсиз жоонун кесепетинен 2020-жылы туулган бала каза болгон.