Бишкекте көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, 1 адам каза болду

Бүгүн, 21-августта Бишкек шаарынын 3-кичи районунда көп кабаттуу үйдүн 2 кабатынан жарылуу болуп, өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Мындан улам өрттү өчүрүүгө саат 15:31де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм жана штаб тартылган. Алардын аракети менен өрт саат 16:25те толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча өрттөн 1 адам каза болгон, ал эми жабыркагандар такталууда.