Бишкекте көп кабаттуу үйдөн кулап каза болгон бөбөктөр 4 жана 2 жашта болгон

Бишкекте дагы эки бөбөк көп кабаттуу үйдөн кулап, каза болгон. Ленин РИИБден маалымат беришип, бөбөктөрдүн 2021 жана 2023-жылы туулган балдар экенин билдиришти.

«2021 жана 2023-жылы туулган балдар оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза болушкан. Учурда бардык зарыл экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 16-мартта 7-кичи райондо 6-кабаттан 6 жаштагы кыз кулап, ооруканада көз жумган.