Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 100дөй жаран эвакуацияланды

Бүгүн, 16-апрелде түнү Бишкектин Жумабек көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Өрттү өчүрүүгө саат саат 23:58де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 23:59да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 автошаты тартылган. Такталган маалымат боюнча өрт аталган турак үйдүн 2-подъездинде 1-10-кабатка чейин орнотулган электр калканычынан чыгып, ичин түтүн каптагандыктан 100дөй адам эвакуацияланган.

Тилсиз жоо түнкү саат 00:07де чектөөгө алынып, толук түрдө саат 00:48де өчүрүлгөн.