Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 60ка жакын адам эвакуацияланды

Бишкек шаарынын Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Өрттү өчүрүүгө саат 11:22де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылды. Учурда өрт өчүрүүчүлөр тарабынан болжол менен 55-60ка жакын адам эвакуацияланууда», — деп айтылат маалыматта.