Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, ээси иске ууланды

6-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батирлердин биринде өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө №5 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Натыйжада батирдин 10 чарчы метр балкон толугу менен күйгөн. Батирдин ээси иске ууланып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.