Бишкекте көп кабаттуу үйдүн чатыры өрттөнүп жатат (видео)

Бишкектин Кулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде турак үй өрттөнүп жатканын күбөлөр кабарлашты. Маалыматка караганда, Elite House үйүнүн чатыры күйүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрттү өчүрүүгө саат 12:25те 1 күжүрмөн эсеп жана штаб, саат 12:43тө кошумча 1 күжүрмөн эсеп, саат 13:03тө 1 автошаты, саат 13:11де 1 күжүрмөн эсеп, жалпы 3 бөлүм жөнөтүлгөнүн маалымдашты. Ошондой эле 5 куткаруучу тартылды.