Бишкекте көп кабаттуу үйдүн чатырынан чыккан өрт чектөөгө алынды

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн чатырынан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Учурда тилсиз жоону толук өчүрүү иши жүрүүдө. Өрттү өчүрүүгө саат 12:25тен тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн жалпы 6 күжүрмөн эсеп, 1 шаты, 1 АКП (50 метр бийиктикке көтөрүлүүгө ылайыкталган шаты), 1 суу ташуучу унаа, куткаруу кызматынан 5 куткаруучу эшикти ачуу үчүн тартылган.

Ошондой эле ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ жана Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам нөөмөт кызматы тартылган. Алдын ала мааалымат боюнча жабыркагандар жок.